> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР алтынды БАЭге Лондон биржасынын баасы менен, ал эми Түркияга 6 эсе арзан сатты
- URL: https://im.kg/all/2022/12/23/kr-altyndy-baege-london-birzhasynyn-baasy-menen-al-emi-t-rkiyaga-6-ese-arzan-satty/
- Published: 2022-12-23T09:50:14.000Z
- Updated: 2022-12-23T09:50:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 69.4 кг алтын сатты. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин өз ара соода боюнча отчетунда айтылат.**

Алтындын басымдуу бөлүгү Түркияга сатылган. Анда 64.4 килограммдан ашык сатылган. Сатуулардын жалпы суммасы **609.6 миң долларды** түзүп, Түркия алтындын бир граммын **9.4** доллардан алган.

БАЭге дээрлик беш кг алтын сатылган Келишимдин жалпы суммасы 295.9 миң долларды түздү. Ал эми арабдар бир граммдын баасын **59.2 долларга** баалашкан.

> Белгилей кетсек, БАЭ Кыргызстандын алтынын Лондондогу баалуу металлдар биржасында (LMBA) белгиленген расмий курска дээрлик барабар болгон бааларды койгон. Ошол эле учурда Түркияга сатылган алтындын граммы 9.4 доллардан болуп, БАЭ баасынан **6.3 эсе төмөн** болгон.