> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кылат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/23/respublika-s-md-k-majy-menen-z-n-z-20-gana-kamsyz-kylat/
- Published: 2022-12-23T12:53:36.000Z
- Updated: 2022-12-23T13:22:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуудагы 11 айдын жыйынтыгы тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын январь-октябрь айларына карата түшүмдүүлүк жогору болгон жана экспорт-импортту эсепке алуу менен:

- нан азыктары боюнча – 124.7 %
- картошка – 234.6 %
- сүт – 117.8 %, эт – 103.5%
- жашылча жана бакча боюнча – 210.9 %
- мөмө-жемиштер боюнча – 46.3 %
- жумуртка – 58.4 %
- өсүмдүк майы – 64.6 %
- кант 177.4 %

**Өздүк өндүрүштүн эсебинен:** 

- нан азыктары боюнча – 79%
- картошка – 233.8 %
- сүт – 117.4 %
- эт – 87.1 %
- жашылчалар жана бакча – 189.2%
- мөмө-жемиштер – 32.4%
- жумуртка – 57%
- өсүмдүк майы – **22.3%**
- кант-78.5 %.

> “Кыргызстанда көрсөткүчтү артка тартып турган бул өсүмдүк майы. Өсүмдүк майы менен былтыр 12%га камсыз болсок, быйыл бул көрсөткүч 20%дан жогору болду”, – деди министр.