> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-январтан тартып жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/1-yanvartan-tartyp-zha-ylangan-mamlekettik-satyp-aluular-portaly-ishke-kiret/
- Published: 2022-12-26T11:46:32.000Z
- Updated: 2022-12-26T11:46:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү максатында, Финансы министрлиги тарабынан 2023-жылдын 1-январынан тартып, жаңыланган Мамлекеттик сатып алуулар порталы ишке кирет.** 

Финминдин берген маалыматына ылайык, портал жаңы маалыматтык технологиялар, тактап айтканда, **смарт-контракт, электрондук келишимдеги контракт, шифрлөө, электрондук банктык келишимди колдоо** сыяктуу технологияларды колдонуу менен жаңыланган.

> “Сатып алуу процессин башкарууга, тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берген контракттарды башкаруунун жаңы бөлүмү киргизилүүдө, ал тобокелдиктерди, контракттардын аткарылбай калышын жана коррупциялык компоненттерди азайтууга багытталган”, – дейт министрлик.

Ошондой эле жаңы порталда электрондук сатып алуулар тутумунун маалыматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн коомчулукка жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контролдун жаңы инструменттери – мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарына жетүү үчүн бирдиктүү терезе болгон OCDS ачык маалыматтар стандарттары каралган.