> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдан тартып ун, май, кумшекер 15%га кымбатташы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/2023-zhyldan-tartyp-un-maj-kumsheker-15-ga-kymbattashy-m-mk-n/
- Published: 2022-12-26T11:26:50.000Z
- Updated: 2022-12-26T11:26:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” [жазды](https://d8jprj71dm5fw.cloudfront.net/a/32193543.html).**

Маалыматта буга министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болуп жатканы айтылат. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн **12% киреше салыгы** алына баштай турганын айткан.

> “Министрлер кабинети бул азык-түлүктөрдүн баасын өзгөчө кырдаал режими киргенде өзү аныктап коё алчу. Ал режим бүтүп, эми бааны өзгөрткөнгө ыйгарым укугу жок болуп жатат. Баанын кымбатташы бир гана буудай менен унга эмес, **май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө** да тиешелүү”, – деди Жунушов.

Эскерте кетсек, ноябрь айында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Кыргызстандан буудай унун Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) [тыюу салынган.](http://localhost/info-portal/news/2022/11/08/krdan-eaebdin-ajmagynan-syrtkary-zhaktarga-buudaj-unun-eksporttoogo-ubaktyluu-tyjuu-salyndy/)