> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араб Эмираттарына Кыргызстандан жума сайын 6 тоннадан эт жөнөтүлүп баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/arab-emirattaryna-kyrgyzstandan-zhuma-sajyn-6-tonnadan-et-zh-n-t-l-p-bashtady/
- Published: 2022-12-26T15:40:53.000Z
- Updated: 2022-12-26T15:40:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Бириккен Араб Эмираттарына жумасына 6 тоннадан эт жөнөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев билдирди.**

Анын айтымында, БАЭде эттен тышкары 2021-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин кургатылган жер-жемиштер менен бал жогору бааланып, кымбат баада сатылууда. 

> “Биз сан жагынан эмес, сапат жагынан, органикалык жагынан алдыга чыга алабыз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, жыйында «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.