> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жеңилдетилген насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн мамлекеттик банктарга 66 млн сом берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/batkende-zhe-ildetilgen-nasyyalardyn-st-k-pajyzyn-t-l-ch-n-mamlekettik-banktarga-66-mln-som-berilet/
- Published: 2022-12-26T11:07:07.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети “Баткен облусун каржылоо” долбоорунун алкагында пайыздык чендерди субсидиялоонун көлөмүн 50 млн сомдон 66 млн сомго чейин жогорулатты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААК тарабынан берилет. Жергиликтүү ишкерлер ала турган жеңилдетилген насыянын жалпы суммасы **470 млн сомду** түзөт.

Долбоордун алкагында, биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда – жылдык 3% менен каражаттар бөлүнөт.

Ишкерлер жеңилдетилген насыя ала турган калктуу конуштардын тизмеси менен бул [шилтемеден](https://mineconom.gov.kg/froala/uploads/file/86a6c1428e026d21927bc3bf0e08f35ba817fac2.pdf) таанышууга болот.