> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕӨБ: Кыргызстан 2022-жылы Беларусь менен Россияга экспортун эки эсеге көбөйттү
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/e-b-kyrgyzstan-2022-zhyly-belarus-menen-rossiyaga-eksportun-eki-esege-k-b-jtt/
- Published: 2022-12-26T16:48:45.000Z
- Updated: 2022-12-26T16:49:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 10 айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү болжол менен 67 млрд долларды түздү (өсүү 12.8%). Бул тууралуу Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) отчетунда айтылат.**

ЕӨБ талдоочуларынын айтымында, өндүрүш жана логистикалык чынжырлардагы өзгөрүүлөр ЕАЭБдеги кээ бир өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

> ЕӨБдүн адистери 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Беларуска жана Россияга экспорту тиешелүүлүгүнө жараша **2 жана 2.6 эсеге** өскөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында 9.7 млрд долларды түзүп, 41.2%га өскөндүгү белгиленген. Кыргызстандын товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна экспорттоонун өздүк көлөмү 90.8%га, анын ичинде Арменияга – 136.1%га, Беларусияга – 100.5%га, Казакстанга – 17.2%га, Россияга – 161.8%га өскөн.

> Мында республикада алтындын экспортунун жалпы көлөмүнүн кыскарышынан улам 23.1%га кыскарган. Номиналдуу түрдө импорт 1.8 эсеге өскөн. Импорттун өсүшүнө негизги салымды Кытайдан (+205.3%) келген товарлар камсыз кылат.