> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык инвесторлор Кыргызстанга санитардык буюмдарды чыгаруучу завод курууну көздөшүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/kytajlyk-investorlor-kyrgyzstanga-sanitardyk-bujumdardy-chygaruuchu-zavod-kuruunu-k-zd-sh-d/
- Published: 2022-12-26T13:38:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:38:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун кытайлык ARROW корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.**

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугунун көмөгү менен өттү. Консулдук аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

> “Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг келген.

КЭРдин Улуттук корпоративдик кредиттик маалымат системасынын маалыматы боюнча, товардык белги 2013-жылы катталган, 2022-жылдын августунда компания Шэньчжэнь фондулук биржасына кирип, бир айдын ичинде 200 млн доллардан ашык каражат чогулта алган. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1.5 млрд долларды түзөт.