> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат - Кызыл-Кыя унаа жолун оңдоо 2023-жылдын күзүнө чейин бүтүш керек
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/nookat-kyzyl-kyya-unaa-zholun-o-doo-2023-zhyldyn-k-z-n-chejin-b-t-sh-kerek/
- Published: 2022-12-26T09:35:07.000Z
- Updated: 2022-12-26T09:35:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.

> Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.