> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «РСК Банк» ААК штаттык режимде туруктуу иштеп жатканын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2022/12/26/rsk-bank-aak-shtattyk-rezhimde-turuktuu-ishtep-zhatkanyn-bildirdi/
- Published: 2022-12-26T17:47:59.000Z
- Updated: 2022-12-26T17:49:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААК штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.**

Билдирүүдө аталган банктын бардык бөлүмдөрү жана банкоматтары туруктуу иштеп, калкты адаттагыдай эле тейлеп жатканы айтылат. 

> “РСК Банктын” **башка банк менен биригиши боюнча таркап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт**. Дүрбөлөңгө түшпөөңүздөрдү жана расмий булактарга гана ишенүүңүздөрдү сиздерден өтүнүп кетебиз. Кооптонууга эч кандай себептер жок”, – дейт банк расмий билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда “РСК Банктын” банкоматтарында накталай акча жок экени, банктын башка каржы-кредиттик мекеме менен биригип жатканы, башка банктар “РСКнын” карталарын кабыл алууну токтотушу мүмкүн деген кептер айтылган эле.