> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# GoBus автобусу Бишкек-Каракол-Бишкек багытындагы каттамын баштады — жол кире 450 сом
- URL: https://im.kg/all/2022/12/27/gobus-avtobusu-bishkek-karakol-bishkek-bagytyndagy-kattamyn-bashtady-zhol-kire-450-som/
- Published: 2022-12-27T10:39:42.000Z
- Updated: 2022-12-27T10:42:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ,** **26-декабрда GoBus автобусу Бишкектен Караколго жана кайра Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево жана Түптө төрт аялдама менен алгачкы рейске чыкты. Бул тууралуу КР Туризмди колдоо фондунун маалымат кызматы билдирди.**

Автобус биринчи жолу каттамга чыкканына карабай, билеттердин баары алдын ала сатылып кеткен. Жүргүнчүлөр дагы жакынкы күндөргө орун сатып алышууда. 30-декабрга билеттер дээрлик калбай, 31-декабрга саналуу гана орундар калган.

> Билеттерди GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. Бир тарапка жол кире – **450 сом** турат. Ыңгайлуу GoBus автобустарына 50 адам батат жана ичинде бекер Wi-Fi бар. Караколго барчу жол 6.5 саатка жакын убакытты алат.

5-7-январь күндөрү өтө турган **KARAKOL FAIR** Эл аралык кышкы туризм жарманкесине карата шаттл Каракол шаарына каттайт. Жарманке жаңы жылдык майрамдарга арналып, салттуу түрдө кышкы туристтик сезондун кызып турган мезгилинде өтөт. Кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын жана эко-товарларды сатып алууга, ошондой эле майрамдык салтанаттарга, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстарга, оюндарга жана сынактарга катышууга болот.

Эске салсак, GoBus шаттлдар Бишкектен «Манас» аэропортуна жана кайра шаарга 30 мүнөттүк интервал менен каттап турат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go2.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go2.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/go3.jpeg)