GoBus автобусу Бишкек-Каракол-Бишкек багытындагы каттамын баштады — жол кире 450 сом

Кечээ, 26-декабрда GoBus автобусу Бишкектен Караколго жана кайра Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево жана Түптө төрт аялдама менен алгачкы рейске чыкты. Бул тууралуу КР Туризмди колдоо фондунун маалымат кызматы билдирди.

Автобус биринчи жолу каттамга чыкканына карабай, билеттердин баары алдын ала сатылып кеткен. Жүргүнчүлөр дагы жакынкы күндөргө орун сатып алышууда. 30-декабрга билеттер дээрлик калбай, 31-декабрга саналуу гана орундар калган.

Билеттерди GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. Бир тарапка жол кире – 450 сом турат. Ыңгайлуу GoBus автобустарына 50 адам батат жана ичинде бекер Wi-Fi бар. Караколго барчу жол 6.5 саатка жакын убакытты алат.

5-7-январь күндөрү өтө турган KARAKOL FAIR Эл аралык кышкы туризм жарманкесине карата шаттл Каракол шаарына каттайт. Жарманке жаңы жылдык майрамдарга арналып, салттуу түрдө кышкы туристтик сезондун кызып турган мезгилинде өтөт. Кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын жана эко-товарларды сатып алууга, ошондой эле майрамдык салтанаттарга, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстарга, оюндарга жана сынактарга катышууга болот.

Эске салсак, GoBus шаттлдар Бишкектен «Манас» аэропортуна жана кайра шаарга 30 мүнөттүк интервал менен каттап турат.