> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты
- URL: https://im.kg/all/2022/12/27/kyrgyzstandyktar-akcha-karazhattaryn-k-b-r-k-chet-eldik-valjutada-saktaj-bashtashty/
- Published: 2022-12-27T16:15:53.000Z
- Updated: 2022-12-27T17:53:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик портфели 327 млрд сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында депозиттердин көлөмү 95.1 млрд сомго көбөйгөнү тууралуу КР Улуттук банкынын маалыматтарында айтылат.**

Портфелдин басымдуу бөлүгү улуттук валютага туура келип, ал 173.1 млрд сомду түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрга чейин өсүш 38.6 млрд сомго жеткен.

**Чет элдик валютада 153 млрд сомдук** депозит ачылып, отчеттук мезгилде портфель 56.6 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми 2021-жылы чет элдик валютадагы депозиттердин өсүшү 20 млрд сомду гана түзгөн болчу.