> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропортуна инвестиция салууга 9 компания кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2022/12/27/manas-aeroportuna-investiciya-saluuga-9-kompaniya-kyzykdar/
- Published: 2022-12-27T14:25:31.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:55:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Манас” аэропортуна инвестиция салууга жети өлкөнүн компаниялары кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 26-декабрдагы жыйынында Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын жай айларында алар эл аралык инвесторлор катышкан конференция өткөрүшкөн жана ага төмөндөгү өлкөлөрдөн компаниялар катышкан:

- Corporacion America Airports (Аргентина)
- Munich Airports (Германия)
- Incheon International Airports (Түштүк Корея)
- Korea International Corporation (Түштүк Корея)
- EGIS (Франция)
- YDA Group (Түркия)
- IC ICTAS (Түркия);
- Airports of Regions (Россия)
- GMR Group (Индия).

Жыйында IFC өкүлү Эркин Асрандиев техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу иштери аяктаганын билдирип, ал министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн айтты.

> «Аэропорт потенциалдуу инвесторго 28 жылга берилет деп болжолдонууда. Бул убакыттын ичинде аэропорттон жүргүнчүлөрдү ташуу 4.5-5 эсе көбөйөт. 400 млн доллар инвестиция салынып, каражат жыл сайын төлөнөт. «Манас» аэропорту пайдаланып жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллар кыргыз тарапта калат», – деди Асрандиев.