> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Унаа» мекемеси майрамга чейинки күндөрдөгү иш графигин кабарлады
- URL: https://im.kg/all/2022/12/27/unaa-mekemesi-majramga-chejinki-k-nd-rd-g-ish-grafigin-kabarlady/
- Published: 2022-12-27T14:59:42.000Z
- Updated: 2022-12-27T14:59:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси майрам астында жана майрам күндөрү иш графигин бекитти.**

Келе жаткан майрам күндөрүнө байланыштуу «Унаа» МИ төмөнкүлөрдү билдирет:

- **Бишкек шаары, Б. Алыкулов көч., 3/10 дареги боюнча «2 прораба» соода борборунда** жайгашкан «Унаа» ММдин Батыш АвтоЦону 2022-жылдын 29-30 декабрына чейин 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин. 31-декабрына чейин 8.30 сааттан 16.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин. Маалымат үчүн тел. (0312) 888614.
- **Военно-Антоновка айылы, «Риом» автобазары дареги боюнча** жайгашкан «Унаа» ММдин Региондор аралык сектору 26-декабрынан 28-декабрына чейин жана 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин (29-30 декабры – дем алыш күндөрү). 31-декабрында 8.30 сааттан 16.30 саатка чейин иштейт, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин Маалымат үчүн тел. (0312) 463910.

> Унаа» ММдин жогоруда аталган бөлүмдөрү жаңы жылдын дем алыш күндөрүнөн кийин 2023-жылдын 8-январынан тартып (жекшемби) кадимки режиминде иштейт.

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жана жалпы республика боюнча «Унаа» ММдин **калган аймактык бөлүмдөрү беш күндүк аптанын иш графиги боюнча иштейт**: дүйшөмбүдөн тартып жумага күнүнө чейин: 8.30 сааттан 17.30 саатка чейин, тыныгуу 12.00 сааттан 13.00 саатка чейин.

Жаңы жылдын дем алыш күндөрүнөн кийин «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү 2023-жылдын **9-январынан тартып кадимки режиминде** иштейт.