> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда балага сүйүнчү пул убактылуу берилбейт
- URL: https://im.kg/all/2022/12/28/kyrgyzstanda-balaga-s-j-nch-pul-ubaktyluu-berilbejt/
- Published: 2022-12-28T11:55:54.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда сүйүнчү пул убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.**

Маалыматта анын токтотулушуна “балага сүйүнчү” борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгону айтылат. Арыздарды кабыл алуу мурдагыдай тартипте улана берет, бирок төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштайт. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага 4000 сом сүйүнчү пул бериле баштаган.