> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети 2022-жылы жаман иштеген жок - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/12/28/ministrler-kabineti-2022-zhyly-zhaman-ishtegen-zhok-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-12-28T15:02:40.000Z
- Updated: 2022-12-28T15:57:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны ушул сааттарда өтүүдө.** 

Жыйында баяндама жасаган минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Садыр Жапаров баштаган минкаб бул жылы жаман иштеген жок деген пикирин билдирди.

> “Мен муну 1992-жылдан бери саясатта жүргөн тажрыйбама таянып айтып жатамын. Өкмөттө жөнөкөй кызматкерден биринчи вице-премьерге чейин жүрүп, бул салмак менен айта турган сөзүм”, – деген Жапаров жылдын эң сыймыктануу менен айта турган нерсеси катары Кумтөрдүн кайтарылышын белгиледи.