> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди
- URL: https://im.kg/all/2022/12/28/salyk-kyzmaty-knsti-kontroldoonun-avtomattashtyrylgan-sistemasyn-ishke-kirgizdi/
- Published: 2022-12-28T17:09:26.000Z
- Updated: 2022-12-28T17:10:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында “КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы” (“КНС” системасы) аналитикалык системасын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Системаны ишке киргизүүнүн аркасында Салык кызматы отчеттук маалыматтарда **277 млн сом** **суммасындагы КНСтин дал келбестигин** аныктаган, анын ичинен өлкөнүн бюджетине 40 млн сомдон ашык каражат келип түшкөн.

“КНС” системасы фискалдык маалыматтарды автоматтык режимде иштеп чыгуучу аналитикалык платформаны жана аналитикалык инструментти билдирет.

> “КНС” системасы **отчетторго, электрондук эсеп-фактураларга** жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү **сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан таризделген башка баштапкы документтерге салык инспекторлорунун кийлигишүүсүз автономдуу режимде** талдоо жүргүзөт. “КНС” системасы айырмачылыктарды эсептейт жана иштеп чыгат, КНС боюнча тобокелдик деңгээлин эсептейт, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн байланыштарын визуалдаштырат.

Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат. КНС КАСты колдонуу салык төлөөчүлөрдүн операцияларынын ортосундагы дал келбестиктерди ыкчам жана натыйжалуу табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

> “КНС” системасын киргизүү маалыматтарды текшерүү жана талдоо убактысын кыйла кыскартат, салыктык башкарууну жеңилдетет, салык кызматкерлеринин ишкерлер менен байланышын азайтат”, – дейт Салык кызматы.