> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт - Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2022/12/29/kotorulgan-akchanyn-komissiyasyn-zh-n-t-ch-adam-gana-t-l-jt-uluttuk-bank/
- Published: 2022-12-29T12:20:29.000Z
- Updated: 2022-12-29T12:40:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.**

Жыйында Тазабек Икрамов эмнеге чет элден картага акча доллар менен которулса, бул жактан алып жатканда кайра дагы комиссия төлөнөрү жөнүндө маселени козгоду. 

> “Жиберген акчанын комиссиясын жөнөтүүчү төлөйт. Ал эми картадан картага которгондо ала турган адам комиссия төлөйт, тагыраак айтканда, бул жактан банкоматтан чечип жатканда төлөнөт”, – деди башкы банктын өкүлү.