> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/29/mikte-17-mi-zharan-katyshyp-zhatat-anyn-ichinde-8-mi-zharan-banktardyn-tizmesinde-turat/
- Published: 2022-12-29T11:36:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:49:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 17 миң 188 жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң 162 жаран банк-партнерлордун тизмесинде турат жана каржылоону күтүшүүдө.**

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев минкабдын отчеттук жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандарга турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыяларды берүү улантылууда.

> “2022-жылдын жыйынтыгы менен МИК тарабынан 4.6 млрд сом суммасында **1 миң 781 ипотекалык** насыя берилди. Ошентип, мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында ипотекалык компаниянын портфели 9.5 млрд сомго барабар болду.

> Пайыздык ставкаларга токтолуп кетсек, мамлекеттик кызматкерлер үчүн жылдык пайыздык ставкасы **4%га** түшүрүлдү, ал эми калган жалпы жарандарга **8%** менен берүү каралган”, – деди ал.

Ошондой эле ал мигранттарды турак жай сактык компаниясы механизми аркылуу турак жай менен камсыздандыруу механизми иштелип чыгып, 2023-жылдан баштап ишке киргизилерин кошумчалады.