> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети 27.2 млрд сом өлчөмүндө белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/12/29/mildett-medicinalyk-kamsyzdandyruu-fondunun-2023-zhylga-bjudzheti-27-2-mlrd-som-lch-m-nd-belgilendi/
- Published: 2022-12-29T15:31:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:49:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 154 млн 178.6 миң сомго кыскартуу сунушталды.**

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасады.

> Ага ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети **27.2 млрд сом** суммасында кирешелерден жана **27.2 млрд сом** суммасында чыгашалардан турары белгиленди. Ал эми 2024-жылга карата 27.9 млрд сом жана 2025-жылга карата 28 млрд сом болору болжолдонууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев кант диабети менен жабыркаган жарандарга керектүү дары-дармектерди камсыздоо маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов медициналык тейлөөнүн кайсынысы бекер, кайсынысына акы алынары боюнча жарандарга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.