> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШ элчилиги 5000 долларга чейинки экологиялык жана билим берүү долбоорлоруна колдоо көрсөтөт - арыздар кабыл алынууда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/30/aksh-elchiligi-5000-dollarga-chejinki-ekologiyalyk-zhana-bilim-ber-dolboorloruna-koldoo-k-rs-t-t-aryzdar-kabyl-alynuuda/
- Published: 2022-12-30T10:58:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:40:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Америкалык программалардын бүтүрүүчүлөрү 2022-жылдагы Чакан гранттар программасы аркылуу 5 миң долларга чейин каржылоо ала алышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.**

Ага төмөнкү темаларда сунуштамалар кабыл алынат:

- **Инклюзивдүүлүк:** адам укуктарын алдыга жылдыруу жана/же майыптыгы бар адамдар менен аз камсыздалган коомчулуктарда жашагандарга билим берүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган долбоорлор.
- **Туруктуу өнүгүү:** экологиялык аң-сезимди өстүрүүчү жана/же таза энергетикалык чечимдерди иштеп чыгууга жардам берген долбоорлор.

Акыркы мөөнөт: 2023-жылдын 9-январы, саат 17:00гө чейин. Бул [шилтеме](https://ais.americancouncils.org/cgi-bin/WebObjects/AIR.woa/wa/login?brand=ECA%5FGrants) аркылуу кошумча маалымат алууга болот.