> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2 миң сом чечкеним үчүн, 514 сом комиссия алды - кардар «Демир банкка» нааразы
- URL: https://im.kg/all/2023/01/03/2-mi-som-chechkenim-ch-n-514-som-komissiya-aldy-kardar-demir-bankka-naarazy/
- Published: 2023-01-03T12:28:08.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:00:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Фейсбуктагы [“Кара тизме”](https://www.facebook.com/groups/blacklistperezagruzka/posts/887109329387893/) деп аталган тайпада Нура Ева деген колдонуучу “Демир банктын” банкоматы башка банктын картасынан акча чечкендеги үчүн чоң суммадагы комиссия алгандыгын айтып, нааразы болду.** 

Анын айтымында, ал “Кыргызстан” банкынын “МБанк” картасы менен “Демир банктын” банкоматынан акча чечкен.

> “2 миң сом дароо алайын десем, коюлган лимиттин айынан эки жолу 1 миң сомдон чечүүмө туура келди. Ушул кызматы үчүн менден 514 сом алып койду. Элди тоноп жатасыңар. Бул баш аламандыкты бизде эч ким көзөмөлдөбөйбү? 200 сом алсаңар деле өлмөк эмессиңер!” – дейт ал.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-03-at-12.12.40.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-03-at-12.12.40.png)

---

Эскерте кетсек, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча **21 млрд 732 млн сомду** түздү. Бул рекорддук көрсөткүч.