> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүсүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/03/manas-aeroportu-5-millionunchu-zh-rg-nch-s-n-100-mi-somduk-sertifikat-tapshyrdy/
- Published: 2023-01-03T10:55:52.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы жылдын алдында, 2022-жылдын 29-декабрында, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы биринчи жолу 5-миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу өлкөнүн башкы аэропортунун маалымат кызматы билдирди.**

Юбилейлик жүргүнчү деп «МЭА» ААКнын маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылган.

Бул маанилүү жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өткөн. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.

> Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5-миллионунчу жүргүнчү аталды. Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана **100 миң сомдук** сертификат тапшырды.

Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды. «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.