> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК «Керемет Банк» менен ипотекалык турак жай үчүн кошумча макулдашууга кол койду
- URL: https://im.kg/all/2023/01/03/mik-keremet-bank-menen-ipotekalyk-turak-zhaj-ch-n-koshumcha-makuldashuuga-kol-kojdu/
- Published: 2023-01-03T14:17:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:50:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Керемет Банк» ААК «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК менен биргеликте Мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууда кызматташуу боюнча Башкы келишимге жана Кошумча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, «Керемет Банк» ААК курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрүп, жыйынтыгында «Фаворит Строй Групп» тандалган. Макулдашуунун алкагында «Фаворит Строй Групп» Анкара 44 дареги боюнча Бишкектеги «Түндүк» турак-жай комплексинде 108-сериядагы 55 батирди курууну пландап жатат.

> «Жеткиликтүү ипотека» программасынын катышуучулары үчүн курулуп жаткан турак-жай үчүн насыялар жеткиликтүү. Насыянын шарттары: 25 жылга чейинкинин жылдык пайызы 8%, баштапкы төлөм турак-жайдын баасынын 20%дан кем эмес бөлүгү”, – деп айтылат маалыматта.

Толук маалымат алуу үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча артыкчылыктуу тизмеде турган турак жай программасынын катышуучулары “Керемет Банкка” кайрылса болот. 2022-жылдын апрелинен тартып аталган банк мамлекеттик турак жай программалары боюнча МИК менен кызматташып келет.