> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шашылыш билдирүү: 3-5-январь күндөрү кар көчкүлөрү күтүлөт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/03/shashylysh-bildir-3-5-yanvar-k-nd-r-kar-k-chk-l-r-k-t-l-t/
- Published: 2023-01-03T11:52:47.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүлөрү түшүүсү мүмкүн экенин билдирди.**

ӨКМ “Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу” автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында, “Ала-Бука – Каныш-Кыя” автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана “Красная-Горка – Акташ” автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн жана жолдор тайгак болорун эскертти.

> “Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл! Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз”, – дейт министрлик.