> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-апрелден баштап автотранспорт каражаттарын камсыздандырбагандарга айып пул салынат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/09/1-aprelden-bashtap-avtotransport-karazhattaryn-kamsyzdandyrbagandarga-ajyp-pul-salynat/
- Published: 2023-01-09T11:08:36.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:03:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда министрлер кабинетинин токтому күчүнө кирет, ага ылайык, автоунаа ээлери автотранспорт каражаттарына милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алыш керек.**

Ушул эле мезгилден баштап полиси жокторго айып пул салынарын Экономика министрлиги дагы бир ирет эскертти.

Айыптын суммасы **3 миң сомду** түзөт. Эскерте кетсек, аталган мыйзам 2016-жылы эле кабыл алынган, бирок аны ишке ашыруу дайыма кечеңдеп келген.