> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвесторлор Бишкекте таштанды иргей турган биринчи жайды ишке киргизишти
- URL: https://im.kg/all/2023/01/09/bishkekte-tashtandy-irgej-turgan-punkt-ishtej-bashtady/
- Published: 2023-01-09T15:15:27.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Пилоттук долбоордун алкагында таштанды иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.

Жалпы аянты 147.1 чарчы метр жерде 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган. Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалган.

Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

**Долбоордун максаты:** 
  
1\. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү  
2\. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо  
3\. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.