> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# China Southern Airlines авиакомпаниясы Бишкек - Сиань туруктуу аба каттамын ачат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/09/china-southern-airlines-aviakompaniyasy-bishkek-sian-turuktuu-aba-kattamyn-achat/
- Published: 2023-01-09T16:53:24.000Z
- Updated: 2023-01-09T16:54:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен Сианьга туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.**

«МЭА» ААКтын берген маалыматына караганда, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы келерки айда Сиань – Бишкек – Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат.

«Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылмакчы. Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап, **ар жекшемби сайын** аткарылары күтүлүүдө.