> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Фрунзе» эл аралык сапат сертификатын алган Кыргызстандагы биринчи супермаркет болуп табылды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/09/frunze-el-aralyk-sapat-sertifikatyn-algan-kyrgyzstandagy-birinchi-supermarket-bolup-tabyldy/
- Published: 2023-01-09T14:43:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:54:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Фрунзе» супермаркети ISO сапаты боюнча эл аралык системасына шайкештик сертификатын алган КРдагы биринчи чекене тамак-аш сатуучу компания болуп табылды. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) маалымат кызматы билдирди.**

Белгиленгендей, ишкерликти жана бизнес чөйрөнү колдоо боюнча USAID долбоорунун аркасында Фрунзе супермаркети жана “Агро Куш” канаттуулар фабрикасы сапат менеджменти жана тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарды киргизди.

> Ал эми “Агро Куш” ресурстарды пландаштыруу системасын киргизүү жана азык-түлүк коопсуздугу системасынын сертификатын алуу менен өндүрүштү өркүндөтө алды. Ишкана бакма канаттуулардын саны менен туруктуу запасын түздү.