> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ипотека боюнча беш жылдык план аткарылган жок
- URL: https://im.kg/all/2023/01/09/mamlekettik-ipoteka-bojuncha-besh-zhyldyk-plan-atkarylgan-zhok/
- Published: 2023-01-09T09:37:17.000Z
- Updated: 2023-01-24T13:26:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“КРнын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук [стратегиясына](https://www.president.kg/ru/sobytiya/12774%5Futverghdena%5Fnacionalnaya%5Fstrategiya%5Frazvitiya%5Fkirgizskoy%5Frespubliki%5Fna%5F2018%5F2040%5Fgodi)” ылайык, 2018-2022-жылдар аралыгында 15 миңден ашык үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүү пландаштырылган.**

Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында **жаш үй-бүлөлөрдү колдоо** үчүн каражат бөлүнүшү керек болчу.

> «Жаш дарыгерлер менен мугалимдер мамлекеттик колдоонун артыкчылыктуу категорияларына айланат, программа аймактарга багытталат. Жаш дарыгерлердин жана балалуу мугалимдердин үй-бүлөлөрү үчүн мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү кызматтары, өзгөчө аймактарда жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлөт», — деп айтылат документте.

Бирок Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнованын айтымында, МИК 2015-жылы түзүлгөндөн бери 2022-жылдын октябрына чейин **7 миң 606 адам 11 млрд 840 млн сомго** турак жай сатып алган.

МИК ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасынын алкагында, 15 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылууну белгилейт.