> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кыргызстандан Түркияга 185 млн доллар которулган - бул рекорддук көрсөткүч
- URL: https://im.kg/all/2023/01/10/2022-zhyly-kyrgyzstandan-t-rkiyaga-185-mln-dollar-kotorulgan-bul-rekordduk-k-rs-tk-ch/
- Published: 2023-01-10T17:54:33.000Z
- Updated: 2023-01-10T17:55:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын отчетуна ылайык, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Түркияга 185 млн доллар которулган. Ал эми өткөн жылы болсо ушул мезгилде бул өлкөгө акча которуулар болгону 7.5 млн долларды түзгөн болчу.**

> Баарынан да отчеттук мезгилде эң көп акча Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн — 2021-жылы 483 млн доллар которулган болсо, 2022-жылы ал **860 млн долларга** жеткен.

Жалпысынан Кыргызстандан 1 млрд доллардан ашык акча которулса, кайра өлкөгө 2.7 млрд доллардан ашык каражат келген.