> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2023/01/10/2022-zhyly-salyk-kyzmaty-207-9-mlrd-som-salyk-zhyjnady/
- Published: 2023-01-10T14:12:57.000Z
- Updated: 2023-01-10T14:12:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген планды 3.7 млрд сомго ашыгы менен аткарганын билдирди.**

Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63.8 млрд сомго көп.

> “Анын ичинде 156 млрд 338.3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729.4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147.9%)”, – дейт Салык кызматы.

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай,](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/) 2022-жылы Салык кызматынын алдына **155.6 млрд сом** салыктарды жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.