2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген планды 3.7 млрд сомго ашыгы менен аткарганын билдирди.
Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63.8 млрд сомго көп.
“Анын ичинде 156 млрд 338.3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729.4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624,3 млн сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147.9%)”, – дейт Салык кызматы.
Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, 2022-жылы Салык кызматынын алдына 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.