«Керемет Банктын» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны өтөт
«Керемет Банк» ААК 2023-жылдын 20-январында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
КФБнын берген маалыматына караганда, күн тартибинде “Керемет Банк” ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана аталган банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо каралат.