> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төө-Ашууда альтернативдик тоннель курууга инвесторлор изделүүдө - долбоор 234 млн доллар турат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/10/t-ashuuda-alternativdik-tonnel-kuruuga-investorlor-izdel-d-dolboor-234-mln-dollar-turat/
- Published: 2023-01-10T13:55:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:32:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев «Биринчи радиого» берген [маегинде](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/1311772469677778) Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте бир канча долбоорлорду ишке ашыруу багытында жумуштар жасалып жатканын айтты.**

Анын айтымында, учурда Алматы – Чолпон-Ата, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелге альтернативдик тоннель куруу боюнча кагаздар даярдалып, курууга инвесторлор, өнөктөштөр изделип жатат.

> “Андан тышкары, Сокулук, Суусамыр автожолунун курулушу жана тоннель куруу боюнча да иштер жүрүп жатат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин МЖӨ борбору Төө-Ашууда альтернативдик тоннель куруу долбоору **234 млн долларга**, ал эми Түндүк айланма жолун реконструкциялоо **210 млн долларга** бааланганын жана бул долбоорлор 2023-жылы ишке ашырыла турганын [билдирген](https://economist.kg/novosti/2022/12/15/tonnel-too-ashuu-severnaya-obezdnaya-doroga-i-drugie-kakie-proekty-gchp-realizujut-v-2023-godu/) болчу.