> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу толук 2024-жылы ачылат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/10/t-nd-k-t-sht-k-alternativalyk-zholu-toluk-2024-zhyly-achylat/
- Published: 2023-01-10T13:28:01.000Z
- Updated: 2023-01-10T13:28:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев “Биринчи радиого” берген [маегинде](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/1311772469677778) билдирди.**

Анын айтымында, учурда аталган жолдун Кызыл-Жылдыз, Арал участогунун биринчи фазасы жасалды жана Көк-Арт ашуусунда тоннель курулууда. 

> “Андан тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун үчүнчү фазасы боюнча Барек-1 жана Барек-3 транспорт коридорлорун бириктирген жолдор жасалып жатат. Фазаларга жараша бул жылы дагы бир канча жерлери бүтөт, 2024-жылы ачылат”, – деди Бариев. 

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталып, ал 3 фазага бөлүнгөн. Биринчисинде – 160 чакырым жол менен Көк-Арт тоннелинин 4 чакырымга чукул бөлүгүн куруу каралган. Экинчи фазадагы жолдун узундугу болсо 99 чакырымды түзөт. Ал эми акыркы бөлүгүндө 70тей чакырым жол салынат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жалпы наркы башында 850 млн доллар деп бааланган болсо, кийинчерээк анын баасы **937.5 млн долларга** жеткен.

Жолдун 1-2-фазасын курууга Кытайдын Эксимбанкы инвесторлук кылса, үчүнчү фазасындагы үч тилкени Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары каржылап жатат.