Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу толук 2024-жылы ачылат

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган жолдун Кызыл-Жылдыз, Арал участогунун биринчи фазасы жасалды жана Көк-Арт ашуусунда тоннель курулууда.

“Андан тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун үчүнчү фазасы боюнча Барек-1 жана Барек-3 транспорт коридорлорун бириктирген жолдор жасалып жатат. Фазаларга жараша бул жылы дагы бир канча жерлери бүтөт, 2024-жылы ачылат”, – деди Бариев.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2015-жылы башталып, ал 3 фазага бөлүнгөн. Биринчисинде – 160 чакырым жол менен Көк-Арт тоннелинин 4 чакырымга чукул бөлүгүн куруу каралган. Экинчи  фазадагы жолдун узундугу болсо 99 чакырымды түзөт. Ал эми акыркы бөлүгүндө 70тей чакырым жол салынат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жалпы наркы башында 850 млн доллар деп бааланган болсо, кийинчерээк анын баасы 937.5 млн долларга жеткен.

Жолдун 1-2-фазасын курууга Кытайдын Эксимбанкы инвесторлук кылса, үчүнчү фазасындагы үч тилкени Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары каржылап жатат.