> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат - бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2023/01/10/zhalal-abad-aeroportu-o-dop-t-z-g-3-6-ajga-zhabylat-birok-remontko-chejin-bashka-zherge-k-ch-r-l-sh-da-m-mk-n/
- Published: 2023-01-10T17:01:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:45:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат, бирок аэропортту шаардын тышына көчүрүү маселеси да каралып жаткандыктан, минкабдын тиешелүү чечими кабыл алынып калса, ремонтко чейин которулушу да мүмкүн.** 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимовдун [билдиргенине](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/1211680763117135) караганда, Жалал-Абад аэропорту быйыл толук оңдоп-түзөөдөн өтүш керек. Буга байланыштуу аэропорт 3-6 айга убактылуу жабылышы күтүлүүдө.

> “Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы ишке кирген. Азыркы учурда ички каттамдар жасалат, жумасына 9 каттамга чейин аткарылат. Аэровокзал реконструкциядан өткөн, бирок учуп-конуу тилкеси эски абалда турат. 2023-жылы кезектеги капиталдык ремонттон өтүш керек. Ремонтту бат эле бүтүрүп койсо деле болот, бирок асфальт заводдору белгилүү бир көлөмдө гана чыгара алышат, учуп-конуу тилкеси чоң болгон үчүн көп каражат керектелет. 3-6 айдын ортосунда бүтөт деген пландар бар”, – деди ал. 

Бирок Алимов аэропортту ремонтко берүүгө “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын чечими керектигин, анткени финансылык каражат талап кылынарын да белгиледи. 

> “Учурда Жалал-Абад аэропортунун ордун которуу – шаардын четине чыгаруу дагы каралууда. Анткени аэропорттун жанына коммуникация келгендиктен, элдер дагы анын тегерегине үйлөрдү куруп алышкан. Андыктан тургундарга ызы-чуу болбосун деп которуу маселеси каралып жатат, бирок так чечим кабыл алына элек. 

> Аэропортту курууга 4 жер тилкеси баалоого берилген. Алардын экөө жараксыз деп табылган. Эми өкмөт чечим кабыл алышы керек. Бизде бардык аэропорттор А жана Б категориясындагы стратегиялык объекттер. Ал тууралуу мыйзамга ылайык, алардын иштеши же токтошу боюнча чечимди бир гана өкмөт кабыл алат”, – дейт Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын кооспуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору. 

Ошондой эле Алимов аэропортту көчүрүү боюнча чечим кабыл алынып калса, **ремонт жүргүзүлбөй туруп көчүрүлүшү мүмкүн** экендигин да кошумчалады.

---

***Кошумча окуңуз:***

[Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда — долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү](http://localhost/info-portal/news/2022/08/04/zhalal-abad-aeroportun-k-ch-r-karaluuda-dolboor-dayardalyp-zher-b-l-nd/)