> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ак-Тилек» бекетинде 20 млн сомдук мыйзамсыз өтүп бара жаткан товарлар кармалды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/ak-tilek-beketinde-20-mln-somduk-myjzamsyz-t-p-bara-zhatkan-tovarlar-karmaldy/
- Published: 2023-01-11T09:17:05.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:34:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 20 млн сомдук товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жалпы 20 млн сомдон ашык суммадагы медикаменттерди, балдар тамак-ашын, кездемелерди, жалаяктарды, кондитердик азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунан товарларды үй буюмдары катары ташып кирген автоунаалар кармалды (үй буюмдарына ташып келүүгө документтер таризделбейт).

> “Автоунааларда 6.5 миң 5 таңгак түрдүү дары-дармектер, 4 миң банка балдар тамак-ашы, 48.3 миң даана Alpen Gold шоколады, 57.8 миң даана Snickers шоколады, 1.8 миң даана электрондук тамеки, 102 оролмо кездеме, арыктоо үчүн 680 таңгак чай, 450 таңгак Huggies балдар жалаягы табылган”, – деп айтылат маалыматта.

Автоунаалар товарлары менен кошо мөөр басылып, айып токтотуучу жайга киргизилди. Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.