> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Ош жолундагы кар көчкү унааны басып калды (Видео)
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/bishkek-osh-zholundagy-kar-k-chk-unaany-basyp-kaldy-video/
- Published: 2023-01-11T10:56:56.000Z
- Updated: 2023-01-11T10:56:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшүп, унааны басып калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен, жабыркагандар жок. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

> “Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине ​​чыкпоону эскертет. 

> “Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз”, – дейт министрлик.