Бишкек - Ош жолундагы кар көчкү унааны басып калды (Видео)

Кечээ, 10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшүп, унааны басып калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен, жабыркагандар жок. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

“Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине ​​чыкпоону эскертет.

“Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз”, – дейт министрлик.