> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми кыргызстандыктар аралыктан иштеп, электрондук эмгек келишимин түзө алышат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/emi-kyrgyzstandyktar-aralyktan-ishtep-elektronduk-emgek-kelishimin-t-z-alyshat/
- Published: 2023-01-11T14:49:18.000Z
- Updated: 2023-01-11T14:53:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн КРнын Эмгек кодексинде аралыктан иштөө жана электрондук эмгек келишимин түзүү түшүнүктөрүн караган өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлү Жанабиль Давлетбаев билдирди.**

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, кодекс өзгөчө кырдаалдар учурунда жумушчуларды жалдоону жана **кыймылы чектелген адамдардын, үйдөн иштеген жумушчулардын, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарын, фрилансерлердин** **толук кандуу иштөөсү үчүн жумушка орношуусун**, электрондук эмгек келишимин түзүүсүн карайт. Ошондой эле алардын Эмгек кодексинде каралган эмгекти коргоонун бардык стандарттарын, коргоо кепилдиктерин алуусун жөнөкөйлөштүрөт. 

> “Бул эмгек келишими тараптардын эмгек шарттарын аныктоодо көбүрөөк эркиндикти, өздөрүнүн техникасын пайдалангандыгы үчүн компенсацияларды жана ушул сыяктуу маселелерди карайт. Бул маселени биз дээрлик 2019-жылдан бери ар кайсы аянтчаларда көтөрүп келгенбиз. Эмгек министрлиги акыры бизди укту”, – дейт Давлетбаев.

Белгилей кетсек, «КР Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору алыстан (аралыктан) жумушту аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/myizam.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/myizam.jpeg)