> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлерге ККМдин жаңы моделдерине өтүүгө дагы эки ай берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/ishkerlerge-kkmdin-zha-y-modelderine-t-g-dagy-eki-aj-berildi/
- Published: 2023-01-11T13:29:35.000Z
- Updated: 2023-01-11T13:29:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана аны колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.**

Минкабдын токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

> Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъекттер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле **ККМди колдонуудан бошотулган** иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

- газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары, башка товарларды сатуу
- кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларектерди пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу
- цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу
- окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Толук маалыматты аймактык салык органынан же [бул жерден](https://www.gov.kg/ky/npa/s/4297) алууга болот.