> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда 144 кыргызстандык мигрант  айлык маянасын ала албай калышкан - 31 млн рубль
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/rossiyada-144-kyrgyzstandyk-migrant-ajlyk-mayanasyn-ala-albaj-kalyshkan-31-mln-rubl/
- Published: 2023-01-11T13:56:33.000Z
- Updated: 2023-01-11T14:00:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россияда 144 кыргызстандык мигрант айлык маянасын ала албай, өкүлчүлүккө кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=DAVwiep4F%5FA) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.**

Жыйында депутат Камила Талиева Россиядагы кыргызстандык мигрант иш берүүчү менен эмгек келишими болгонуна карабастан, үч жылдан бери 3 млн рубль айлык акысын ала албай жүргөнүн, ТИМ, элчилик укуктук эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн айтып, министрге кайрылды.

> “Ал мигрантыбыз Москва шаардык сотунан да утуп алыптыр, бирок айлык акысын дагы деле ала албай жүрөт экен. Эмне үчүн элчилик ушундай көйгөйлөргө реакция кылбайт? Мамлекет иш таап бере албагандан кийин эмнеге жок дегенде, мигранттарыбыздын укугун коргоп бербейт?” – деди ал.

Министр учурда ушундай кайрылгандардын көйгөйүнүн үстүнөн иштеп жатышканын билдирди.

> “Бүгүнкү күндө биздин өкүлчүлүккө **144 жаран** кайрылган. Айлыгын ала албай калгандардын акчасынын көлөмү **34 млн рублга** чыккан болчу, биз 2.8 млн рублин алып бердик”, – деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.