Россияда каттоого турбаган кыргызстандык жарандар кийин мамлекеттен пенсия ала алышпайт - министр
Эгерде кыргызстандык мигрант барган жерине учетко турса, анда пенсия алууга укугу болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрдин айтымында, эмгек мигранттарынын документтеринин баары так жасалган болсо, өкмөт аралык келишимдин негизинде пенсия, социалдык пакеттердин баарын ала алышат.
“Ал эми сентябрга карата 72 миң каттоого турбаган жарандарыбыз бар, алар мамлекеттен эч кандай социалдык пакетти ала алышпайт”, – деди Базарбаев.