Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты

Улуттук банк 2023-жылдын эсебинен биринчи жолу валюта рыногуна интервенция менен чыкты. Жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат регулятордун сайтында жарыяланды.

Өлкөнүн башкы банкы ички валюта рыногуна 104.2 млн доллар сатты.

Кыргызстанда акыркы интервенция 2022-жылдын 20-декабрында жүргүзүлүп, анда Улуттук банк 87.5 млн доллар саткан.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Улуттук банк сегиз интервенция жүргүзүп, 486.5 млн АКШ долларын банктарга саткан.


Кошумча окуңуз:

Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит

Улуттук банк ири валюталык интервенция жасап, банктарга 87.5 млн доллар сатты

Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна $59.5 млн сатты

Баалар жана инфляция – Улуттук банктын саясаты кантип экономиканы туруктуу кармап турат