> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстан шамал станциясын курууга жабдууларын Кытайдан Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө
- URL: https://im.kg/all/2023/01/11/zbekstan-shamal-stanciyasyn-kuruuga-zhabduularyn-kytajdan-kyrgyzstan-arkyluu-alyp-t-d/
- Published: 2023-01-11T17:21:20.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:07:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстан шамал станциясын куруу үчүн турбиналарын Кытайдан Зарафшанга (Өзбекстандын Навои облусундагы шаар) Кыргызстан аркылуу алып өтөт. Бул тууралуу [China Daily](http://www.chinadaily.com.cn/a/202301/06/WS63b7e04ba31057c47eba82a7%5F1.html) билдирди.**

Жабдуулар Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Кашкарга чейин темир жол менен келген. Ал жерден контейнерлер авточиркегичтерге жүктөлүп, Эркечтам аркылуу Кыргызстандын чек арасын кесип, Өзбекстанга өтүшөт.

> “Көбүнчө Кытайдан Өзбекстанга товарлар Казакстандын Хоргос шаарындагы логистикалык борбор аркылуу ташылат. Кыргызстан аркылуу **жаңы каттам жолду 500 чакырымга кыскартып**, жеткирүүнү 3-5 күнгө тездетет”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, октябрь айында Masdar менен Кытайдын Goldwind компаниясы Зарафшандагы 500 МВт шамал станциясы үчүн 111 турбинаны жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан. Салмагы 260 тонна болгон жүк 3.5 млн кытай юанына (515 миң АКШ доллары) бааланган.