> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы 4150 кг алтын казып алды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/12/alyans-altyn-kompaniyasy-2022-zhyly-4150-kg-altyn-kazyp-aldy/
- Published: 2023-01-12T18:56:02.000Z
- Updated: 2023-01-12T18:56:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча планды ашыра аткарып, пландагы 4 миң килограммдын ордуна 4 миң 150 кг алтын өндүргөн.**

Компаниянын маалыматы боюнча, жыл ичинде алтын өндүрүү 30%га өскөн, ал эми техникалык калыбына келтирүү көрсөткүчтөрү 2021-жылдагы 89.3%дан 90.2%га өскөн. Компания 2023-жылы да сапаттык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну пландаштырууда.

> “Даяр продукцияны чыгарууну болжол менен 10%га, тагыраак айтканда, 4 300-4 400 килограммга чейин көбөйтүү пландаштырылууда. Кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу жана экологиялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча жабдуу жана соргуч вентиляциясын, жумуш орундарын модернизациялоо, кошумча кеңселерди ачуу сыяктуу бир катар иш-чаралар каралууда”, – дейт компания.