> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 131 млн долларга өстү
- URL: https://im.kg/all/2023/01/12/bir-ajda-kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-131-mln-dollarga-st/
- Published: 2023-01-12T16:27:37.000Z
- Updated: 2023-01-12T16:27:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 5 млрд 349.8 млн долларды (451 млрд 777.6 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.**

> Өткөн жылдын октябрь айында бул сумма 5 млрд 218.6 млн долларды түзгөн. Ал эми ноябрь айында мамлекеттин тышкы жана ички кредиторлорго болгон карызынын көлөмү дагы **131.2 млн долларга** көбөйүп, **5 млрд 349.8 млн долларды** түздү.

Милдеттенмелер тышкы кредиторлордун алдында (85 млн долларга), ички кредиторлорго (46.5 млн долларга) көбөйгөн.

##### Мамлекеттик карыздын түзүмү:

- тышкы карыз — **4 млрд 275.8 млн** доллар (80%)
- ички карыз — **1 млрд 74 млн** доллар (20%)